Коом
Ысык-Көлдө кыргыз-орус бизнес-форуму башталды

Бүгүн, 19-августта, Ысык-Көл облусунда III кыргыз-орус бизнес-форуму башталды.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү чыгып сүйлөшү күтүлүүдө.
Пленардык отурумдан тышкары беш пленардык сессия пландалган:
- Улуу Жибек Жолунда туризмди өнүктүрүүнүн горизонту;
- Чакан гидроэнергетиканы биргеликте өнүктүрүү;
- Кластердик саясат экономиканын атаандаштыкка туруштук берүүсүн жогорулатуунун куралы катары;
- Санарип көчмөндөр. Кыргызстандагы санариптик трансформация жана финансылык технологиялар;
- Кыргызстан — ЕАЭБге багытталган логистикалык инфраструктуранын борбору.



