Коом
Коронавирус. 240 адамдан аныкталып, Бишкекте эки бейтап каза тапты

Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 240 кишиден табылып, 161 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар, аймактар боюнча:
- Бишкек шаары – 133;
- Чүй облусу – 85;
- Ош облусу – 5;
- Талас обулусу – 4;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 10;
- Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.
Акыркы суткада коронавирустан Бишкек шаарынын эки тургуну каза тапты. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1534кө жетти.



