Борбор калаада Бишкек баатырдын айкели орнотулду (ФОТО)

Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Бишкек баатыр касиеттүү адамдардан болгондугун айтып өттү.
Өлкө башчысы ошондой эле шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасалышы керектигин белгилеп кетти.

Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.
Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө паландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу.
Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты «Бишкек баатыр» коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.




