Коом

Коронавирус. Акыркы суткада алты бейтап каза тапты. Статистика

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус дагы 212 адамдан аныкталып, алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча жаңы катталган учур:

Бишкекте – 152,
Чүй облусунда – 22,
Ош шаарында – 4,
Ош облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 18,
Нарын облусунда – 12,
Жалал-Абад облусунда – 2.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1246 бейтап, амбулатордук түрдө 1270 адам дарыланууда. 851 бейтаптын абалы орто оордукта, 311 адамдын абалы оор жана 53 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 95 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 56 киши айыгып чыкса, 1 миң 555 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button