Коом

Коронавирус. 225 адамдан аныкталып, эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус дагы 225 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы аймак боюнча жаңы катталган учурлар:

Бишкекте – 117,
Чүй облусунда – 82,
Ош облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 11,
Нарын облусунда – 4,
Жалал-Абад облусунда – 5,
Талас облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 173 адам коронавирустан айыгып чыккан. Ал эми акыркы суткада COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1236 бейтап, амбулатордук түрдө 1224 адам дарыланууда. 850 бейтаптын абалы орто оордукта, 308 адамдын абалы оор жана 49 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 360 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 276 медкызматкер айыгып чыкты”, — дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 320 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 229 киши айыгып чыкса, 1 миң 557 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button