Кыргыздарды басынтып, ызы-чууга салым кошкон америкалыктын жанынан психотроптук заттар табылды

Күн сайын өлкөбүздү эркин аралап, биздин тынчтыгыбызга бүлүк салган жана ниети таза эмес адамдардын, саясий топтордун жүздөрү ачылып келе жатат. Кечээ, АУЦАнын президенти Эндрю Качинс ИИМ тарабынан суракка чакырылды. Ага, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды сактап алып жүргөнү боюнча шек саноо болгон. Ээлик кылган унаасын текшерген учурда пакетке оролгон таблеткалар чыгып, ага экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында “психотроптук таблеткалар” болуп чыккан. Муну Эндрю Качинс дагы мойнуна алды.
Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бир-нече жолу ички саясатыбызга кийлигишип, кыргыздын жарандарына далили жок күнөө коюп, наркобарон атап келген. Эми, карагыла Американын Борбор Азиядагы университетинин президентинен психатроптук заттар табылып жатат. Жакында эле Эндрю Качинс университеттин кызматкери, кош бойлуу кызды катуу тилдеп, ага басмырлоо кылган болчу. Ошол учурда дагы наркотикалык каражат же психатроптук зат колдонуп алган деген шек саноолор болгон. Мына эми анын чын экени далилденип, заттар жанынан чыгууда.
Буга чейин бей өкмөт уюмдар тарабынан өткөрүлгөн батышчыл көз караштагы митинг-пикеттерге келген жаштар, негизинен АУЦАнын студенттери болчу. Өтө жаш курактагы студенттер, чоӊ саясий сөздөр айтылган митингде жөн гана плакат кармап, зомби сыяктанып тура беришээр эле. Саналуу гана башчылары сүйлөп, алар кайталап кыйкырып келишкен. Окуу жайдын президентинин жанынан психатроптук заттар табылганы мени бир ойго түртүп жатат. Митингге келген жаш өспүрүмдөргө ошол психатроптук заттарды берип, курал катары пайдаланган эмеспи деген шек жаралат!
Дагы бир нерсени эске салгым келет, Эндрю Качинс окуу жайдын кош бойлуу кызматкерине басмырлоо, психикалык жана моралдык басынтуу кылып кыйнаганда, эмнеге аялдардын укуктарын коргоп митингге чыккандар ооз ачкан жок? Улан Үсөйүн, Рита Карасартова, Алтынай Капалова, ошол эле Клара Сооронкуловалар? Же, булар качан гана кожоюндарынан тапшырма келгенде гана сүйлөшөбү? Анан калса кожоюну тууралуу жаман сөз болуп жактанда, кантип эле каршы сөз айтышмак эле. Мына көрдүӊөрбү, булардын ниети таза эмес, принциптери тегиз иштебейт. Өздөрүнүн жанынан шектүү заттар чыгат, аялдарды кордошот. Бирок акыл үйрөтүп келишет, эми ишенбегиле!
Калыбек Жапаров



