Коронавирус. Акыркы суткада 199 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 138,
Ош шаарында – 9,
Чүй облусунда – 29,
Ош облусунда – 2,
Талас облусунда – 6,
Ысык-Көл облусунда – 11,
Нарын облусунда – 1,
Жалал-Абад облусунда 3 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 146 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 449 бейтап, амбулатордук түрдө 1 801 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1029 бейтаптын абалы орто оордукта, 345 адамдын абалы оор жана 62 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 405 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 317 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 30 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 212 киши айыгып чыкса, 1 миң 584 адам каза болду.



