Коом

Коронавирус. 322 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус дагы 322 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 227,
Ош шаарында – 9,
Чүй облусунда – 59,
Ош облусунда – 6,
Талас облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 15,
Нарын облусунда – 2,
Жалал-Абад облусунда – 1,
Баткен облусунда – 2.

Ал эми бир сутка ичинде 243 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 419 бейтап, амбулатордук түрдө 1 939 адам дарыланууда. Алардын ичинен 998 бейтаптын абалы орто оордукта, 338 адамдын абалы оор жана 68 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 417 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 332 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 658 киши айыгып чыкса, 1592 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button