Саясат

Президент: Жогорку Кеңештин депутаты 300 сомдук маселе көтөрбөшү керек

Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушууда Жогорку Кенеш депутаттары мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди көтөрүшү керектигин айтып, майда көйгөйлөр менен алек болбоого чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, парламент миллиарддаган жана триллиондогон сомдук маанилүү маселелерди чечүүгө иштеши зарыл, ал эми жеке же майда суроолорго көңүл буруу туура эмес. Мисал катары ал айрым депутаттарды келтирип, алардын кээде анча маанилүү эмес маселелерди көтөрүп жатканын белгиледи.

«Айылдан “өз балабыз” деп шайлап аласыңар, анан ал барып ГАИ кызматкерлери менен талашып, парламентте 300 сомдук маселени көтөрөт. Депутат 3 миллиард же 3 триллион сомдук, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди көтөрүшү керек», — деди президент.

Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдө шайлоонун эркиндиги камсыздалганын эскертип, жарандарды өкүлдөрүн тандоодо жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ал туугандык байланыштарга же тааныштыкка эмес, билимдүү талапкерлерге добуш берүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз силерге эркин шайлоо бердик — өкүлдөрдү өзүңөр тандайсыңар. Бийлик кийлигишпейт, мугалимдер да, дарыгерлер да катышпайт. Эми буга көнүп, добушту сатпоого, тааныштык менен шайлабоого үйрөнүш керек. Жаш, энергиялуу жана билимдүү адамдарды шайлоо зарыл», — деди өлкө башчысы.

Президент эгерде бул талаптар аткарылбаса, өлкө мурдагы көйгөйлөргө кайтып келиши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды шайлоо процессин көзөмөлдөөгө, талапкерлерди талкуулоого жана добуш сатып алууга жол бербөөгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button