Коом

Ноокенде селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө

Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июнга карата жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган куткаруучулар, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Жарандык коргоо (ЖК) кызматтары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Жалпы ЖК кызматтарынан жана куткаруучулардан турган 150 адам, 12 инженердик техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин алып барышууда. Ал эми эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button