Саясат
Садыр Жапаров Катарга чет элдик компанияга тиешелүү жеке учак менен барды, ага акы төлөнгөн жок

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев учак сатып алуу чечими кабыл алынганын айтты.
«Жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат. Бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап күйүүчү майга чыгымын гана көтөрдү, анын ичинде Жапаровдун Катарга болгон бүгүнкү иш сапары дагы«, — деди ал.



