Окуялар
Бишкек-Ош жолунда ун жүктөлгөн жүк ташуучу унаа өрттөндү

Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын чиркегичи жана жүктөлгөн ун күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.
Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир сутканын ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.



