Коом

Алайлык 47 жаштагы адамдын сөөгү асылган абалда Кара-Суудан табылды

Алай районунун 47 жаштагы тургунунун сөөгү асылган абалда Кара-Суудан табылды. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-майда Кара-Суу РИИБге Талдык айылынын 58 жаштагы тургуну Д.Б.нын үйүнүн жанындагы контейнерде белгисиз адамдын денеси асылып тургандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып, каза болгон адам Алай районунун Чий-Талаа айылынын 1974-жылы туулган тургуну О.К. экендиги аныкталды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button