Коом

Бишкек мэриясында Россиядан газ менен жүрүүчү автобустарды жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн жана «Группа ГАЗ» автомобиль холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Бишкек шаарынын муктаждыктары үчүн газ менен жүрүүчү автобустарды жеткирүү, ошондой эле Россия Федерациясынын каржы түзүмдөрүнөн каржылоону тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушууга борбор калаанын транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков, Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов, «Группа ГАЗ» компаниясынын сатуу департаментинин директору Дмитрий Пыжиков, «Группа ГАЗ» компаниясынын Кыргызстандагы расмий дилеринин “Вираж”ЖЧКсынын өкүлү Фархад Досматов, Россиянын Кыргызстандагы соода миссиясынын консультанты Светлана Антонова катышты.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов катышуучуларга иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун карап чыгууга жана соода өкүлчүлүгүнүн сунушун колдоого даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, «Группа ГАЗ» россиялык автомобиль холдинги Россия жана КМШ өлкөлөрүнүн рыногу үчүн ар кандай модификациядагы автоунааларды чыгарууга адистешкен.

Эскерте кетсек, түтүнгө (смог) каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 350 автобус алынып келинет, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button