Коронавирус. 174 адамдан аныкталып, дагы 5 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 31-майга карата коронавирус дагы 174 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 95,
Ош шаарында – 26,
Чүй облусунда – 7,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 15,
Жалал-Абад облусунда – 17,
Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир сутка ичинде 244 адам коронавирустан айыгып чыккан. деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 696 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 653 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 136 бейтаптын абалы орто оордукта, 446 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 663 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 577 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп билдиришти штабдан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 104 миң 729 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 808 адам каза болду.