Коом

Кыргызстанда никесиз төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Статистика

2020-жылы ымыркайлардын төрттөн бири никесиз төрөлгөн. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.

«Өткөн жылы Кыргызстанда 170 миңге жакын бала төрөлдү. Ымыркайлардын төрттөн бир бөлүгү расмий түрдө никеге турбаган аялдардын балдары. Ымыркайлардын 51 пайызы гана ата-энесинин арызы менен каттоого алынган. Ал эми 49 пайызы энесинин арызынын негизинде катталган. Бул көрсөткүч дээрлик балдардын жарымы атасыз өсөрүнөн кабар берет», — деди Рысбекова.

Анын айтымында, аял 4-6 бала төрөсө деле ымыркайдын күбөлүгүндө атасынын аты-жөнү көрсөтүлбөгөн учурлар кездешет. Ошол эле учурда былтыр Кыргызстанда миңге жакын баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталган.

«Ата-эненин шалаакылыгынан улам 13 жашка чейин документи жок жүргөн балдар дагы бар. Демек, алар базалык мамлекеттик кызматтарды ала алышкан эмес», — деди ал.

Рысбекова Кыргызстанда акыркы беш жылда каттоого турган никенин саны 10 пайызга кыскарып, ажырашкандар 19 пайызга өскөнүн белгиледи. Ал мындай статистика кабатыр кылып жатканын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button