Тынчсызданбагыла, чек ара күнү-түнү көзөмөлдө. Коопсуздук кеңештин катчылыгы үн катты

Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт. Мындай билдирүүнү президенттин маалымат кызматы таратты.

Анда учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экени айтылган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатканын билдирген.

“Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат.Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт”, — деп айтылган билдирүүдө.

Катчылык чек арада түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер уланып жатканын айткан.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.

Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.