Окуялар

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 5 киши каза болду

Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында Lexus LX470 менен Mitsubishi Galant автоунаалары кагышып, беш киши көз жумду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар кабарлады.

Каргашалуу окуя 21-июль күнү саат 21:30дар чамасында болгон.

Маалыматка караганда, 61 жаштагы жергиликтүү тургун Mitsubishi Galant автоунаасы менен жолдун каршы тилкесине чыгып, алдыда келе жаткан Lexus LX470 автоунаасы менен сүзүшкөн. Аны 49 жаштагы Бишкектин тургуну айдап келе жаткан.

«Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу, жүргүнчү катары бара жаткан ошол эле Чырпыкты айылынын 53 жаштагы тургуну жана Чүй облусунун үч жашоочусу каза болгон. Булардын ичинен үчөө аялдар», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жолтандабастын төрт жүргүнчүсү алган жаракатынан улам райондук ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын ичинде тогуз жана алты жаштагы балдар бар экени айтылды. Булардын аты-жөнүнүн окшоштугуна караганда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин боолголоого болот.

Фактыны Ысык-Көл милициясы каттоого алып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button