Коом

ИИМ: Россия Федерациясындагы мекендештер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө

Россиядагы мекендештер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө, — деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууну КРнын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү КРнын РФдагы элчилиги менен биргеликте уюштурган.

«Жолугушууга ушул жылдын 12-августунда Москвадагы чет өлкөлүктөрдүн катышуусу менен болгон чыр-чатактар себеп болгон. Ага кыргыз диаспорасынын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, спорттук клубдардын машыктыруучулары, ошондой эле Москвадагы жана Москва облусундагы такси фирмаларынын айдоочуларынын ассоциацияларынын башчылары катышты», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, бул жолугушууда уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган кылмыштарды болтурбоо, баңгизатка байланышкан кылмыштарды алдын алуу маселеси талкууланды.

ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жолугушуунун катышуучуларына жакында болгон окуялар, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча
жүргүзгөн иштери, ошондой эле жаштар арасындагы баңгикылмыштарынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча аткарган иштери тууралуу маалыматтарды беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө бардык катышуучуларга мекендештердин арасында Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактоо жана уруксат берилбеген ар кандай жыйындардын, митингдердин түрлөрүнө катышууларын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү суранычы менен кайрылуу жасашып, эгерде мындай маалыматтар бар болсо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу керектигин айтышты.

«Андан кийин жаштарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде улуттар аралык жаңжалды козуткан ар кандай билдирүүлөрдү таратууну токтотууга, улуттук көйгөйлөргө байланыштуу ар кандай такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырышты. Жолугушуунун катышуучулары жаш муундардын арасында түшүндүрүү иштерин мындан ары күчөтө тургандарын ишендиришти», — деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Мындан тышкары, бул жолугушуунун катышуучулары мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу мекендештерине кайрылууларын жасашты.

Учурда жаш муундар арасында жалган маалымат таратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактардагы жана мессенджерлердеги ар кандай маалыматтарды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат, эгерде кандайдыр-бир мыйзамсыз маалымат табылган болсо, дароо тиешелүү чаралар көрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button