Коом

Жыл башынан бери Москвада кыргызстандыктардын катышуусунда 916 кылмыш катталган

Кечээ, 24-августта, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын ыкчам иштери боюнча башчысынын орун басары Александр Половинка менен жолугушту.

Россиядагы элчиликтин билдирүүсүнө караганда, Москва полициясынын жетекчилиги 2019-жылдан бери Кыргызстандын жарандары тарабынан Москвада жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын саны кыйла көбөйгөндүгүн билдирди.

«2021-жылдын жети айында эле Москвада Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен 916 кылмыш (негизинен адамга каршы) катталган. Көбүнчө мыйзамсыз аракеттерди Кыргызстандын жарандары өз мекендештерине карата жасашкан», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button