Коом

Коронавирус. Жуктургандар азайып, айыккандар көбөйүүдө

Кыргызстанда 27-августка карата коронавирус дагы 196 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 65,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 33,
Ош облусу – 7,
Талас облусунда – 10,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 36,
Жалал-Абад облусунда – 26,
Баткен облусу — 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 386 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 184 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 481 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 9 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 398 киши айыгып чыкса, 2 миң 507 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button