ИИМ: Ош ОИИБде Сүйүн Өмүрзаковдун катышуусунда ыкчам кеңешме өттү

2021-жылдын 6-сентябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул кеңешмеге Ош облусунун жана Ош шаарынын ИИБдин, ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк аймак боюнча күзөт кызматы башкармалыгынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын, ЖКККББнын Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмчөсүнүн жетекчилери, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өзүнчө батальонунун, ички аскерлердин №703 аскер бөлүгүнүн командирлери, Ош облусунун жана Ош шаарынын ИИБдин аппаратынын  кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктери катышты. Кеңешмеде башкы маселе катары 2021-жылдын 9 айын ийгиликтүү жабуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, 24-август күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда болуп өткөн ИИМдин коллегиясында коюлган тапшырмалардын,  талаптардын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, өлкөдө болуп жаткан жол кырсыгынын абалы каралып, талкууга алынды.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков кеңешменин башында сөз сүйлөп, бүгүнкү чогулгандарынын себеби, ички иштер органдарынын алдына коюлган максаттарга жетүүсү боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн кароо экендигин баса белгиледи.

“Урматтуу кесиптештер, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда 6 айдын жыйынтыгы менен ички иштер министрлигинин коллегиясы болуп өтүп, бир катар талаптар айтылып, тапшырмалар коюлду. Анын ичинде, эң негизгилери болуп, элди сапаттуу сервистик тейлөө, кылмыш иштерин создуктурбастан ар тараптуу жана калыс тергөө, жарандарды кабыл алып, жеринде жардам көрсөтүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыттары боюнча жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу жөнүндө алып барыла турган иштер белгиленди.

Коллегиянын жыйынтыгы менен он беш тапшырма коюлуп, аткаруу үчүн бардык ички иштер органдарына жөнөтүлгөн. Андан тышкары, ички иштер министрлиги тарабынан коллегиянын чечими менен төрт багытта иш алып баруу белгиленди. Тактап айтканда, ишмердикти мындан ары чыңдап, өлкөбүздүн коопсуз өсүп-өнүгүшү үчүн заманбап чакырыктарга татыктуу туруштук берүү боюнча алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашырып, Президентибиздин койгон талаптарын эске алуу менен ички иштер министрлиги мындан ары төрт багытта иш алып бара тургандыгы белгиленди.

Биринчи багыт: Укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчтөндүрүп, элге жакындан жардам көрсөтүү менен заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу.

Экинчи багыт: Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, жарандардын ден-соолугуна, элдин социалдык абалына терс таасирин тийгизген кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюп, коопсуз мамлекет деңгээлине жетүү.

Үчүнчү багыт: Сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу жана акыйкат тергеп, калыс чечим кабыл алуу. Жарандардын арыз-муңдарын угуп, талабын канааттандырып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу. 

Төртүнчү багыт: Элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, берген антына бекем турган моралдык адеп-ахлактык абалы жогору кадрларды даярдоо, ишмердикте ийгиликтерди жаратуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздоо, эскиден арылып, жаңы баскычтар менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча жаңы ишмердикти ишке ашыруу.  Президентибиз койгон тапшырмаларды, анын негизинде министр тарабынан коюлган талаптарды жана төрт багытта аткара турган милдеттерди аткарууну керектигин белгилеймин. Ошондуктан, коюлган тапшырмаларды жана талаптарды биринчи жетекчилер жеке көзөмөлгө алып, андан ары натыйжалуу ишмердик жүргүзүүнү уюштуруңуздар”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.

Андан соң  Сүйүн Өмүрзаков бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы менен, жогоруда аталган багыттарды ишке ашыруу үчүн Ош облусунун жана Ош шаарынын тартип сакчыларынын  алдына төмөнкү  тапшырмаларды коюп, кынтыксыз аткарылышын талап кылды.  

1.            Элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдап, заманбап ишмердик жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча президентибиздин койгон тапшырмаларын, министр тарабынан белгиленген талаптарды, 4 багытта аткара турган ишмердикти жана коллегиянын чечими боюнча иш алып баруу үчүн “Кадамдык иш-мерчем” түзүп, анын аткарылышы биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын.

2.            Кызматкерлердин патриоттуулук сезимин көтөрүү максатында ар бир жуманын дүйшөмбү күндөрү мамлекеттик ГИМНдин коштоосунда, бардык ички иштер органдарында желек көтөрүү иш-чарасы өткөрүү жана ошондой эле санитардык эрежелерди сактоого көңүл бурулсун.

3.            Ар бир жуманын шейшемби күндөрү кызматкерлерди руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо боюнча атайын окутуулар өткөрүлсүн. Таалим-тарбия иштерин күчөтүп, кызматтык кужүрмөндүк багытында да окуулар жана атайын машыгууларды байма-бай өткөрүү ИИМдин системасынын талаптарына ылайык өткөрүлүп турсун.

4.            Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта ишмердик жүргүзүү үчүн, конкреттүү негизде “Бирге аткара турган иштер” боюнча иш-чаралар ишке ашырылсын. Айрыкча  коронавирус илдетине бөгөт коюу боюнча тиешелүү органдар менен бирге алдын алуу иштери жүргүзүлсүн.

5.            Калкка тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча ар тараптуу чаралар көрүлсүн. Элге туура жана сылык мамиле жасалсын, маселесин ыкчам чечүү боюнча иштер алып барылсын. Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердиги биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып, эл менен милициянын жолугушуусу жалпыга малымдоо каражаттарына чагылдырылып турсун

6.            Жол унаа кырсыктарын азайтуу боюнча чечкиндүү чаралар көрүлсүн. Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында пропаганда иштери күчөтүлсүн. Бул багытта авто-мектептер менен, айдоочулардын коомдук бирикмелери менен сүйлөшүп, лекцияларды түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Унаа бекеттерге,  унаа сатуучу жайларга, маршруттук каттамдардын чогултуу аймактарына жол коопсуздугуна жооп берген жетекчилер барып, эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин алып барыңыздар. 15-сентябрдан баштап жаңы окуу жылы башталат, ошондуктан ар бир мектептин айланасында жол коопсуздугу кызматкерлери кызмат өтөөгө бөлүштүрүлсүн.

7.            Оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, жабыр тарткан жарандарга жеринде биринчи жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлсүн. Ачылбай турган кылмыш иштер бар  алардын бетин ачуу, кылмыш жасап, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам иликтөө чаралары күчөтүлсүн. Элдин турмуш-тиричилик абалына терс таасирин тийгизген алдамчылык, уурулук, мал уурулук, батир уурулук кылмыштарынын бетин ачуу, элге келтирилген материалдык чыгымдарды өндүрүү боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн

8.            Элдин арыз-билдирүүлөрү боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иштери сапаттуу тергелип, чындык, акыйкаттуулук, келтирилген чыгымдарды өндүрүүгө аракеттерди көрүү деген принциптер менен иш алып барылсын. Жарандарды кабыл алып, алардын арыз-муңдарын угуп, жеринде жардам көрсөтүлсүн. Ар бир милиция кызматкери жарандардын маселесин өз убагында  чечүүгө көмөктөшүүгө тийиш.

9.            Кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча күнүгө өткөрүлгөн нускамаларда эскертилип, айтылып турсун.

10.          Ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлердин ишмердигине шарт түзүүгө карата имараттарды оңдоп-түзөө, кылмыштуулук же укук бузуулар орун алган участокторго “Милициянын аймактык пунктун”, “Айылдык, шаардык бөлүмчөлөрдү” курууга, кылмыштуулук менен күрошүүнү жакшыртуу боюнча видео-камераларды орнотуу боюнча иштерди алып барсын.

11.          Элдин социалдык-турмуш тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарга, окуяларга бөгөт коюп, алдын алуу профилактикалык иштерди күчөтүп, көйгөйлүү кылмыштарды, окуяларды болтурбоо үчүн жер-жердеги координациялык кеңешмелерде карап, аны чечүү үчүн тиешелүү иштер аткарылсын. Милициянын аткарып жаткан иштерин ыкчам чагылдыруу максатында уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.

                Ошондой эле, коюлган тапшырмалар боюнча ар бир жетекчи жеке көзөмөлгө алып, иш алып баруу зарыл экендигин айтып,  ишмердикти күчөтүп, коюлган талаптардын жана тапшырмалардын аткарылышы керектигин айтты. Аткарылган иштердин ар бири боюнча 9 айдын жыйынтыгы менен болуп өтүүчү коллегияда каралып, жыйынтыктуу чечимдер кабыл алынат