Коом

Коронавирус. 82 адамдан аныкталып, дагы 2 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 14-сентябрга карата коронавирус дагы 82 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 40,
Чүй облусунда — 19,
Талас облусунда — 3,
Нарын облусу — 5,
Ысык-Көл облусунда — 7,
Жалал-Абад облусунда — 6,
Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 16 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 807 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 567 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 650 киши айыгып чыкса, 2 миң 576 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button