Коом

Баатыр энелер менен өнөкөт оорусу барлардын жөлөк пулун көбөйтүү каралууда

Октябрь айынын башынан тарта Кыргызстанда өнөкөт оорусу бар жарандарга жана баатыр энелерге берилчү жөлөк пулдун суммасын 500 сомго көбөйтүү пландалууда. Аталган токтом долбоорун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуштап, министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Бул категорияга онкологиялык оорунун оор формасы, бөйрөк жетишсиздиги, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, бронхиалдык астма, туберкулез жана башка өнөкөт ооруларга чалдыккан, ар дайым реабилитациялоого жана кошумча социалдык жардамга муктаж жарандар кирет.

Министрлик аталган категориядагы жарандардын жана баатыр энелердин социалдык жөлөк пулу бюджеттин тартыштыгынан улам 2010-жылдан бери көбөйтүлбөгөнүн белгиледи.

Ошол себептен 1-октябрдан тарта көбөйтүүнү кароо сунушталууда:

  • I топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — 2000 сомдон 2500 сомго чейин;
  • II топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
  • III топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
  • Жаш курагы боюнча — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
  • Батыр энелерге — 2000 сомдон 2500 сомго чейин.

Буга чейин президент Садыр Жапаров майыптыгы бар адамдардын жана ата-энесинен ажыраган балдардын жөлөк пулунун өлчөмүн октябрдан тарта 50 пайыз, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга көтөрүү жарлыгына кол койгон.

Жогоруда аталгандардын баарын аткаруу үчүн бюджеттен быйыл 453,9 миллион, 2022-жылы 3 миллиард 600,8 миллион сом талап кылынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button