Токтогулда жол кырсыктан үч киши каза болду – ФОТО


Жалал-Абаддын Токтогул районунда “Жигули” ВАЗ 2107 менен MAN күйүүчү май ташыган автоунаасы кагышып, каргашанын кесепетинен үч киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Жол кырсыгы 15-сентябрь күнү саат 07:10дор чамасында Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында, Бишкек — Ош унаа жолунун 308-чакырымында катталган.

“Каргашанын айынан “Жигулидеги” үч эркек киши мүрт кеткен. Куткаруучулар менен милиционерлер аларды тез жардам унаасы менен Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына өткөрүп беришти”, — деп айтылат билдирмеде.

Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.