Коом

Кыргызстандык делегация Москвадагы кыргыз диаспорасы жана Болгар Ислам академиясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы К.Базарбаев баштаган жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Т.Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан кыргыз делегациясы Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Кыргызстандын диний ишмерлери диаспоранын активисттерин жана аксакалдарын жаштарды руханий жактан тарбиялоодо тыгыз иш алып барууга, эмгек мигранттарына моралдык жанан укуктук жардам көрсөтүүгө, Россия Федерациясынын мыйзамдарын так сактоого, конфессиялар аралык жана улуттар аралык руханий биримдикти бекемдөөгө чакырышты. Ошондой эле, КР жарандарынын руханий, моралдык-адеп-ахлактык жактан өнүгүүсү жана эмгек мигранттары дуушар болуп жаткан социалдык, тиричилик тармактарындагы көйгөйлөр талкууланды.

Россияга болгон иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы Болгар Ислам академиясынын проректору Русланом Саяхов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында мамлекеттер аралык кызматташуу, радикализмди жана экстремизмди алдын алуу маселелери каралып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча талкуулар жүрдү. Ошондой эле, диний билим берүү мекемелеринде окутуу методологиясын иштеп чыгуу, бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button