Мамлекеттик тил күнүнө карата төкмө акындар Ош шаарында айтышат

23-сентябрь күнү Ош шаарында “Ак таңдай-2021” аталышындагы төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 17:00дө “Санжыра” эс алуу жайында тандоо туру, ал эми 23-сентябрь күнү саат 17:00дө С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Ак таңдай-2021” республикалык төкмө акындардын айтышы башталат.

Айтыш “Алтын комуз” байгесине арналган.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, мамлекеттик тил күнү жана Ош шаарынын майрамын утурлай уюштурулган бул иш-чара “Ак таңдай” коомдук фонду, Ош шаарынын мэриясы жана “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясы тарабынан өткөрүлмөкчү.