Коом

ИИМ: Ички иштер органдарынын криминалистик бөлүктөрдүн кызматкерлерине окуу курсу өтүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам-криминалистик борборунун негизги уюштуруу иш-мерчемине ылайык, Балыкчы шаардык ИИБнын имаратында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустук жана Ош шаардык ИИБнын криминалистик түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерине “Окуя болгон жерде кароо методикасы” аталышындагы окуу курсу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган курс, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам-криминалистик борборунун жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, бул курстун  негизги максаты — кылмыштарды тергөө жүргүзүү учурунда окуя болгон жерди кароону уюштуруу боюнча криминалистик кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана анын жыйынтыгында квалификациялуу тактама түзүүсүн үйрөтүү булуп саналат.

Маалымат катары атап кетсек, “Окуя болгон жерди кароо методикасы” аталышындагы окуу курсу Криминалистиканын бирден бир түптөөчүсү Ганс Гроссттун мезгилинен бери, окуя болгон жерди кароо предмет темасы, терең жана бардык жагынан күнүгө изилдөөнүүдө. Азыркы заманбап тажрыйбада, кылмыштуулук болгон жагдайда, мурункудай эле криминалистикалык далил маалымат алуу кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги маселе болууда. Бул процесс укугунда алып баруучусу болуп, окуя болгон жерди кароо саналат. Аталган тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен алынган далилдер, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмө берүүдөн баш тарттырыш максатында, уюшулган кышмыштуу топтордун жана кылмышкерлердин мыйзамсыз ишмердүүлүк аракеттеринин таасири, азыркы күндө өтө актуалдуу болууда жана алардын саны өсүүдө. Тергөөдө чечкиндүү мүмкүнчүлүктөрдү жана жыйынтыктоочу чечимдерди чыгарууга же болбосо тескеринче толтурулгус өтө маанилүү маалыматтарды жоготуусуна, окуя болгон жерди кароого байланыштуу. Тергөө амалдары аталышы, окуя болгон жерди кароо жобосун уникалдуугулун эсепке алганда, тергөө системасында илимпоз-криминалисттердин жалпы теориялык жана  жеке суроолору кенен изилденген. Кыргыз Республикасынын ИИОнын криминалистикалык кызматтарынын кызматкерлерине, аталган семинарда жогоруда изилдөөлөрдүн негиздерине ылайык методикалар, маалымдамалар, насааттар, сунуштар берилүүдө.

Бул окуу курсу 27-сентябрынан 11-октябрына чейин болуп өтөт, анын жыйынтыгы менен катышуучуларга тиешелүү сертификаттар тапшырылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button