Кыргыз Республикасынын ИИМде Штаб бөлүктөрүнүн күнүн белгилешти. ФОТО

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабында кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Штаб бөлүктөрү өз тарыхын 1971 -жылдын 30-сентябрында Уюштуруу-инспектордук башкармалыгы (УИБ) СССРдин Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы болуп өзгөртүлгөндө башталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Штаб бөлүктөрүнүн түзүлгөн күнүн бекититүү жөнүндө” буйругуна ылайык, 30-сентябрь Ички иштер министрлигинин штаб түзүмдүк бөлүктөрүнүн күнү деп бекитилген.

1972-жылы “СССРдин Ички иштер министрлигинин Штабы жөнүндө” Жобосу бекитилип, анда Ички иштер органдар системасындагы Штабдын ролу жана орду аныкталган.

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алган соң, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Штабы, Башкы инспекциясы деп кайрадан түзүлгөн.

Ар кайсы жылдары Ички иштер министрлигинин Штаб түзүмүн: Зеличенко Л.Я., Борисов Г.Н., Фильченко Е.М., Колюхин Р.В., Мельников В.Я., Конкошев М.Н., Зеличенко А.Л., Дуйшебаев К.А., Мамбетжанов Т.М., Байтиков А.Ш., Кыдырбаев К.Д., Кожокулов А.А., Жайлобаев Б.М., Абдыжалиев Б.Р., Коомбаев А.А., Куренкеев С.К. аттуулар башкарып келген.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын милициянын подполковниги Бактыбек Кенжегулов жетектейт.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков катышып, штаб түзүмдүк бөлүтөрүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап – “Штабдын түзүлгөндүгүнүн жарым кылымдык тарыхында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тутумундагы көз карандысыз бөлүм катары саналат, сиздер өз ишиңиздерге абийирдүү, принципиалдуу, чыгармачыл жана камкор мамилеңиз үчүн куттуктоого уруксат этиңиздер. Ар бир кызматкер штабдын ишинин маңызын түшүнө бербейт, бирок жасаган ишениңиздер Ички иштер министлигинин жалпы ишмердүүлүгү үчүн өтө маанилүү. Штабдын аброю ар кайсы муундагы көптөгөн кызматкерлердин эмгеги менен түптөлгөн, аны сыймык менен сактап жана жогорулатышыңыздар керек. Сиздерге чың ден- соолук, үй-бүлөлүк бакыт, мамлекетибиз үчүн оор жана өтө жоопкерчиликтүү иште ийгиликтерди каалайм” – деп куттуктады.

Иш-чаранын жыйынтыгында кызматтык милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы жана жогорку кесиптүүлүгү үчүн мыкты кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.