Коом

Ички иштер министрлигинде массалык медиа өкүлдөрүн куттуктоо аземи өттү

Жыл сайын, 7-ноябрь күнү жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери өзүнүн кесиптик майрамын белгилешет.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат күнү алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде масс-медиа өкүлдөрүн куттуктоо аземи болуп өттү.

Мааракелүү аземге ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов жана Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын өздүк курамы катышты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов ЖМКнын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, заманбап дүйнөдө Жалпыга маалымдоо каражаттарына калкты актуалдуу болгон коомдук-саясий абал тууралуу так маалыматтарды жеткирүү, мамлекеттик оргнадар менен конструктивдүү маек куруу, жарандык коомдо ачыктык чөйрөсүн түзүү боюнча өзгөчө жоопкерчиликтүү миссиясы жүктөлгөн. Маалымат чөйрөсү коомдук ой-пикирди калыптануусуна маанилүү ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө өзүнүн мамлекетине ар намыс менен кызмат өтөп, элдин үнү болууга ар бир журналистин милдети. Массалык маалымат каражаттары элдин кызыкчылыгын жан аябастан коргоп, элдин үмүтүн чагылдыра тургандыгын айтты.

 “Журналисттер кесиптик чеберчиликке гана эмес, жогорку моралдык принциптерге жана объективдүү да ээ болууга тиийш. Заманбап шарттарда журналисттердин милдети ишенимдүү жана так маалыматты жеткирүү гана эмес, ошондой эле өз кесибинин кадыр-баркын сактоо, анын жарандык баалуулугун жогорулатуу болуп саналат.” – деп Адылбек Бийбосунов белгиледи.

Министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, журналистерди кызматташууга жакшы өбөлгө түзүп, Ички иштер министрлиги менен өз ара аракеттенүүдө дайыма жардам көрсөтүп  келе жаткандыгы үчүн чын жүрөктөн ыразычылыгын билдирип, ар дайым турмуштун кагылышынан тайбай, калемдин курчтугун жоготпой, кызмат кылууңуздарды каалады.

Иш-чаранын алкагында, Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн активдүү чагылдырган бир катар журналисттерге сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button