Саясат
Казакстандын президенти Токаев КРнын министрлер кабинетинин төрагасы менен жолукту
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарына жумушчу сапар менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу Акордо билдиргендигин «Казинформ» агенттиги жазат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу стратегиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдарга өзгөчө көңүл бурулду.