Коом
Бишкектеги Ынтымак сейил паркында 8 метрлик балаты орнотулду

Бишкектин түштүгүндө жайгашкан Ынтымак сейил багына Октябрь районунун 8 метрлик балатысы орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, район башчысы Мирлан Эшкожоев, Аяз ата жана Аяз кыз катышты.
«Сегиз метрлик балатынын оту жанып, иш-чара майрамдык шоу-программа менен коштолду», — деп айтылат билдирүүдө.



