Москва районунда 41 жаштагы жаран муунтуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-декабрында Москва райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирилген.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда каза болгон адам 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул окуя РИИБи тарабынан катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы аныкталган. Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган О.Б. жана 1979-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.