Улуттук госпиталда травматология бөлүмү ачылды

Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда 300-350 орундуу травматология бөлүмү ачылды. Ачылыш аземге катышкан саламаттык сактоо министри бөлүм демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирди. Демөөрчүлөр арасында өзүнүн баласы бар экенин кошумчалады.

Буга чейин травматология бөлүмү мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борборуна караган.

4-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштаган. Андан бери бир нече жолу жетекчиси алмашып, Памир Муратов 14-февралда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукансынын базасында түптөлгөн.