Коом

ИИМ. “Зордук — зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт өткөрүлдү

Бишкек шаарында Saferworld жана «Эл аралык толеранттулук үчүн» фондунун долбоорунун алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте “ HipTop” бий комплекси уюштурган “Зордук — зомбулуксуз жашоо” деген ураан менен концерт болуп өттү

Катышуучулар атайын коюлган “Зомбулукту токтотуу” номерин аткарышты. Бийдин жардамы менен үч миниатюрадан үй-бүлөдө жана мектепте зомбулуктун түрлөрүн көрсөтүштү. Бул демилгеге Бишкектин ири бий студиялары да өз сөздөрү менен кошулду.

Уюштуруучулардын негизги максаты үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Чыр-чатактарга жана зордук-зомбулукка алып келген эркектикти же аялдыкты көрсөтүү максатында жаштарга карата мамилелерге, терс стереотиптерге, бейкалыс пикирлерге жана кысымдарга каршы туруу болуп саналат.

Уюштуруучулар өз демилгеси менен милиция менен калктын ортосундагы социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө жана зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-чараларга салым кошууда, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button