ИИМ: Ички иштер органдарынын реформасын баалоо боюнча ЕККУнун делегациясынын 5 күндүк иш сапары башталды

Республиканын ички иштер органдарын реформалоону баалоо үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына 5 күндүк иш сапары башталды. Делегациянын негизги миссиясы борбордук аппараттын жана негизги кызматтардын, Ыкчам башкаруу борборлорунун, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгүн изилдөө болуп саналат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши менен жолугушуу жана ИИМдин окуу жайларына баруу мерчемделген.

ЕККУнун негизги курамы – Полициянын ишмердигинин стратегиялык маселелер бөлүмүнүн башчысы Сами Рюханен, полициянын ишмердүүлүгү боюнча кызматкерлер Эдуарда Локотунин, Бьёрн Торэ Салтвик, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун адам укуктары боюнча кызматкери Изабелла Хартвик, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Элчи Алексей Рогов, Аскердик-саясий департаменттин жетекчиси Александр Елисеев менен биргеликте  ИИМдин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүүнүн алкагында ведомствонун кызматтарын жаңы техникалык жабдуулар менен жабдылышы боюнча  натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн.

Меймандарга ИИМдин маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча жаңыланган маалымат борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы көрсөтүлдү.

Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аркылуу акылдуу камералар онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат. Жаңы технологиялар милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин көзөмөлдөөгө, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө милициянын бардык ишмердүүлүгүн гуманизациялоонун, өз ара ишенүүнүн жана коомчулук менен өнөктөштүктүн негизинде кайра түзүү жолу менен “Милиция саясаттан тышкары, милиция эл үчүн” принциби боюнча реформа процесстерин улантууда жана заманбап реалдуулукка көнүү актуалдуу милдет экендигин белгиледи.

“Бүгүн биз ички иштер органдарын реформалоонун негиздеринин бир бөлүгүн көрсөттүк, алардын негизги максаты калкка кызмат көрсөтүү, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, жаңы санариптик технологиялар аркылуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Бул иш-аракеттердин натыйжалары өзүн күтүүгө мажбурлабайт. Талдоо көрсөткөндөй, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу биз кылмыштуулукту 46%га кыскарта алдык. Акыркы 10 жылда кылмыштуулуктун деңгээли бүгүнкү сандарга чейин төмөндөгөн жок. Биз калк арасында натыйжалуу алдын алуу иштерин уюштурдук, күн сайын 3 миңден ашуун милиционерлер коомдук жайларга жана аймактарда кызмат өтөшөт. Кырдаалды баалоо видеокамералардын (136) жана криминогендик абалы татаал жерлерде санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында кылмыштардын бетин ачуу 25% га жакшыргандыгын көрсөттү. Мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар системалуу көрүнүш болсо, азыр алардын саны кескин 40%га кыскарган, ал эми жалпысынан кылмыштын бетин ачуу 8%га көбөйгөн. Ошентип, биз Ыкчам башкаруу борборуна интеграцияланган видеокамералардын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде кырдаалга мониторинг жүргүзүү жолу менен, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү жолу менен маалыматты тез алууга өтүү жана ыкчам чараларды көрүү аркылуу коомдук жайларда кылмыштуулуктун деңгээлин 21% га төмөндөтө алдык”, – деп баса белгилеп, сөзүн жыйынтыктады.

Көп жылдар бою ИИМ жана ЕККУ татаал маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу жана жемиштүү иштерди жүргүзүп келишет жана белгиленген пландарды татыктуу ишке ашырышат. ЕККУ тарабынан берилген жабдуулар министрликтин ишине олуттуу салым кошот.

Берилген материалдык техникалык каражаттар, оргтехника иштин натыйжалуулугун кыйла жогорулатат жана жер-жерлердеги милиция кызматкерлеринин эмгек ишмердүүлүгүн жеңилдетет. Айрыкча чек ара райондорунда Интернетке жана компьютердик кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү жок алыскы аймактардагы калктын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет, – деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.