“Бишкек жылуулук түйүнү” 16-майда айрым жерлерди суу каптап, асфальт бузулушу мүмкүн экенин эскертти

“Бишкек жылуулук түйүнү” ишканасы 16-майда ордо калаанын айрым жерлерин суу каптап, асфальт бузулушу ыктымал экенин эскертти.

Бул күнү ишкананын жумушчулары жылуулук түйүндөрүн текшерет.

Мындай иш төмөнкү райондордо жасалат:

Лев Толстой көчөсү. ТЭЦтен Исанов көчөсүнө чейин. Анын ичинде “Мадина” базарынын району;

Темир жолдун жээги. ТЭЦтен Исанов көчөсүнө чейин;

Исанов көчөсү. Темир жолдон Чуйков көчөсүнө чейин;

Шабдан баатыр көчөсү. Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин;

Чүй проспектиси. 7-апрель көчөсүнөн Ибрагимов көчөсүнө чейин;

Ибрагимов көчөсү. Чүй проспектисинен темир жолго чейин;

Жукеев-Пудовкин көчөсү. Темир жолдон Кулатов көчөсүнө чейин.

Ишкана жылуулук түйүндөрүн текшерүү учурунда түтүктөр жарылып, асфальт бузулуп, жылуулук түйүндөрү жайгашкан аймактарды суу капташы ыктымал экенин белгиледи.

Эгер мындай учурларга күбө болуп калсаңыз, 56-85-58, 61-11-69 жана 1980 телефондоруна чалсаңыз болот.