Коом

УКМК: Украинадагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото, видео материалдарды жарыялаган социалдык тармактагы баракча аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК контрчалгындоо иштеринин жүрүшүндө ыкчам материалдардын, ошондой эле социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө, Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармагындагы баракчасы аныкталган.

Көрсөтүлгөн аккаунттун ээси Кыргыз Республикасынын  К.у.А. аттуу жараны экендиги такталган.

Ошол эле учурда ыкчам маалыматтар боюнча К.у.А. 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткен.

Азыркы учурда, алынган материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында К.у.А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК бул багытта жигердүү профилактикалык иштерди жүргүзүүнү улантууда, ошондой эле КР чегинен тышкары куралдуу операцияларда катышуу Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганына Кыргыз Республикасынын жарандарынын эскертип кетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button