Коом

Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен, 15-май кызматтык милдетин аткарып курман болгон Ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыяланган.

Дал ушул күнү ар бир милиция кызматкери курман болгон кесиптештерин эскеришип, аларга таазим кылып кызматтык милдеттерин аткарып каза болгон кызматкерлерди үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушуп калоо тилектерин билдиришет.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы покунда куралдаш кесиптештерин эскерүү иш-чарасы болуп ѳттү.

Аталган иш–чарага Ички иштер мининстринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Султан Жоошбаев, Полктун командири Бакыт Матмусаев,  полктун ардагерлери, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин кызматкерлердин үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери күжүрмөн салтты улантуу менен, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк жана жоопкерчилик менен аткарып келишет. Мамлекетибиздин өнүгүү тарыхында ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө алдынкы катарда туруп, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого алууда, маанилүү тапшырмаларды аткаруусу жалпыга маалым.

Кылмыштуулукка каршы кырчылдашкан күрөштө башты канжыгага байлап коюп аттанышкан эр азаматтарыбыз тарабынан далай эрдиктер жасалып, мыйзамсыз жолдо жүргөндөр тескелип келет. Андай учурда өмүрү бычак мизинде болгон мүнөттөрдү баштан кечирип келе жаткан кесиптештерибиздин арасында, тилекке каршы жоготуулар да болбой койбойт экен.

“Бүгүн, биз өз өмүрүнүн акырына чейин, ѳлкѳбүздүн коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө эл-журтубуздун алдында берген антына бек туруп, өз өмүрлөрүн аябай, тобокелге салып, ар кандай күтүлбөгөн тапшырмаларды жоопкерчиликтүү аткарып, курман болгон кызматкерлерибизди эскерип жатып, ушундай уулдарды тарбиялап өстүргөн ата-энелерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтып, ыраазычылыгымды билдиремин. Арабыздан өтүп кеткен кызматкерлерибизди эскерип, алар азыр биздин катарыбызда жоктугуна ичибиз ачышып сыздап турат. Кыргыз милициясынын тарыхында мамлекетибиздин ички тартибин, жарандардын коопсуздугун коргоо үчүн кылмышкерлер менен айыгышкан күрөштөрдө жетишкен ийгиликтери, жасаган эрдиктери түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып кала берет. Эр жүрөк, кесиптештерибизге алардын эрдиктери үчүн баш ийип таазим кылабыз!” — деп сѳзүн жыйынтыктады Октябрь Урмамбетов.

Полктун атынан кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ материалдык жардам кѳрсѳтүлдү, — деп билдирди ИИМдин АБПнын Басма сѳз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button