Коом

Чүй облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

2022-жылдын 16-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ички министрлигинин буйругу менен 15-май кызмат учурунда милдетин аткарып жатып каза болгондорду эскерүү күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу эскерүү иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары катышты.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө милиция кызматкерлери өз өмүрүн тобокелге салышат. Тилекке каршы, кызматкерлерди жоготуу учуру да болбой койбойт. Бул кызматкерлер жумуштун кызыкчылыгын өз өмүрлөрүнөн жогору койгон патриот, элди жана мекенди сүйгөн кызматкерлер катары дайыма эскерилип турат. 

Иш-чаранын соңунда милдетин аткарып жатып каза тапкан кызматкерлердин эстелигине гүл коюлуп, бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланып, куран окулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button