26-майда Бишкекте бир нече көчөлөр жабылат .ТИЗМЕ

26-май күнү Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу чет өлкөдөн келген делегацияларды коштоп жүрүү үчүн бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

26-майда Бишкектеги төмөнкү көчөлөр жабылат: 1. Фучик – Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Жаш Гвардия бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү;

3. Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

4. Манас көчөсү менен түштүк багытты көздөй Чүй көчөсүнөн тартып “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин;

Жогоруда көрсөтүлгөн жолдордон сырткары ага жакын жайгашкан жолдор кошумча багыт иретинде жабылышы мүмкүн.

Милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарынан жол эрежени так сактоону өтүнөт жана маршруттук кыймылды алдын ала пландап алууну суранат.