Коом

«Айына 8 миң рубль жөнөтүп турган». Москвада сабалган 11 жаштагы кызды ата-энеси акча табуу үчүн жиберген

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарында кызга кол салуу фактысы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майдан тарта социалдык тармактарда жакындары тарабынан сабалган кыз тууралуу маалымат тарай баштаган. Кызды Москвага алыскы туугандары балдарын каратуу үчүн алып кетишкен. Жабырлануучу С.Т. 2012-жылы туулган. Ал таежеси менен Москва шаарында жашап жаткан. Кыздын туугандары тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча далилдер бар. 21-майда активисттер кызды өз үйүнө алып кетишкен.

«22-майда кызга консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Визуалдык кароодо анын көзүнүн тегереги жана колдору көк ала болгон, психологиялык жактан депрессиялык абалда болгон. Кызматкерлер кызды аймактык балдар клиникалык ооруканасына медициналык кароодон өткөрүү үчүн алып барышкан. Ал жерден кыздын денесинде көк ала тактар бар экени аныкталган.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунда туулган Т.М. аттуу кыздын жакындары чакырылган. Кийинчерээк алар кошумча иликтөө үчүн Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмүнө жеткирилген. Маалым болгондой, кыздын ата-энеси Ош облусунун Өзгөн районунда болуп, алар 2021-жылдын октябрь айынын аягында кызын акча төлөп, жаш балдарды кароого жардам берүү үчүн Орусиядагы туугандарына жөнөтүшкөн. Кыз 4-класста окушу керек болчу, бирок учурда билим албай жатат.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, ата-энеси кызынын бала багуусу үчүн болжолдуу түрдө айына 8 миң рубль алып турушкан. Учурда Орусиянын укук коргоо органдары окуяга юридикалык баа берүү үчүн алдын ала текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында 11 жашар кызды үйүнө жөнөтүү пландалууда», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Москва шаарынан 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы маалым болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button