Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техника жана курал-жарак бермей болду
Казакстан парламентинин сенаты Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерди ратификациялады. Бул тууралуу Казакстандын ММК булактарды жазып чыкты.
«Казакстан парламенти Кыргызстандын өкмөтү менен акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууну карады. Документке ылайык, Казакстан кошуна өлкөгө курал-жарак, ок-дары жана атайын техника берет», — деп айтылат кабарда.
Агенттик билдиргендей, буга чейин Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев техниканы казак тарап Кыргызстандын Кой-Таш айылына өз каражатына жеткирип берерин айткан.
Кыргызстан техниканы жана ок-дарыны коопсуздук максатында гана колдонууга, үчүнчү тарапка бербөөгө жана КМШ өлкөлөрүнө каршы колдонбоого милдеттендирилген.
Ушундай эле жардамды коңшу мамлекет Тажикстанга дагы көрсөтөрү маалым болду.