Евробиримдик Кыргызстан бюджетине 32 млн евро бөлүүдө

1-июнь балдар күнүнө карата Евробиримдиктин Кыргызстан менен кызматтушуу бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Каржы министрлиги Чүй облусунун Төмөнкү Чүй айылында жайгашкан психикалык жактан өспөй калган диагнозу бар балдар үчүн республикалык адистештирилген интернатка барып, куттуктап кайтты.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ханс Фарнхаммер балдар үчүн жасалган мындай иш-чаралар маанилүү деп эсептейт. Ошондой эле, Евробиримдик Кыргызстанда санариптик өнүгүү менен бирге билим берүү тармагына салым кошуп жатканын белгиледи.

Ханс Фарнхаммер – Евробиримдиктин Кыргызстандагы кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси:

Бизде Евробиримдиктеги жаңы долбоор боюнча бөлүнүп жаткан жалпы 32 млн евронун 50 пайызынан ашыгы билим берүү тармагына багытталса, 12 миллиону санариптик өнүктүрүүгө багытталган. Бул сумма Кыргызстандын каржы министрилигине берилип, финансылык көзөмөлдү алар жүргүзүшөт. Жумшалып жаткан каражаттардын жардамы менен тиешелүү тармактардын адистеринин потенциалын көтөрүп, тренинг, семинарларды өткөрүүгө мүмкүн болот.

Бул иш чара 1-июнь балдарды коргоо эл аралык күнүнүн алдында өткөрүлүп, мектеп-интернатка жардам берүү үчүн уюштурулган. Биз Кыргызстан менен мындан ары да кызматташуубузду улантып, жашыл экономика, энергетика жана суу ресурстарын башкаруу тармагында иш алып бара беребиз.

Жибек Дүйшеева – Каржы министринин орун басары:

“Каржы министрлиги Евробиримдигине абдан чоң ыраазычлык билдирет. Анткени алар биздин бюджеттик кайрылуубуз болобу же жардам иретиндеги кайрылуубуз болобу дайым көмөгүн көрсөтүп келет. Билим берүү, социалдык камсыздоо жана санариптештирүү тармагында чоң жардамын берип келишет. Бул тармактарда бирге, дымактуу иштерди аткарып жатабыз”.

Акыл-эси кечигип өнүгүп жаткан балдар үчүн атайын мектеп-интернаттын директору Нурланбек Жумагазиевдин айтымында интернат көп жылдан бери финансы министрлиги тарабынан каржыланып келет, бирок оңдоп-түзөө иштерине муктаждык жаралып калган.

Нурланбек Жумагазиев – Төмөнкү Чүй мектеп-интернатынын директору:

“Биздин атайын мектеп-интернат 1954-жылы курулган. Андан бери бир топ убакыт өтүп эбак эле оңдоп-түзөө иштерине муктаж болуп калган. Электр каражат, түзүмдөрүбүз авариялык абалда тургандыктан тиешелүү жардам сураганбыз. Менимче ушул жаатта бизге жардам көрсөтүлсө керек”.

Евробиримдик өкмөткө коронавирус пандемиясынын негизинде жаралган экономикалык кризистен чыгууга жардам берип, жаңы келишимдердин негизинде иштей турганын ачыктады.