УКМК: Баңгизатын сатууга аракет кылган КР жарандары кармалды

2022-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына жакын Кара-Суу шаарынын аймагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү учурунда Кыргыз Республикасынын жараны Ш.А.А. кармалды. Ал мурда соттолгон жана Өзбекстан Республикасында баңгизаттарын жүгүртүүгө катышкандыгы үчүн жазасын өтөп келген.

Алынган баңгизатынын салмагы 1 кг 718 граммды түзүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында кара куурай чайыры (гашиш) экени аныкталды.

Мындан тышкары, ошол эле күнү 1984-жылы туулган Т.Ш. аттуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда  жалпы салмагы 75 граммды түзгөн сары-ак түстөгү зат табылган, экспертизадан героин экени такталды.

Жогоруда аталган жарандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу жана кылмыштын бул түрүнө тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча иш-чараларды улантууда.