ИИМ: Милиция жарандардын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн туристтик мезгилге даярданууда

Жыл сайын жайкы туристтик мезгил учурунда  Кыргызстан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн конокторду кабыл алат. Туристтик объекттерде, республиканын маданий жана тарыхый кооз жерлерине баруу учурунда чет өлкөлүк жарандардын жана кыргызстандыктардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоо туристтик тармактын жагымдуу жана ийгиликтүү өнүгүшү үчүн маанилүү компонент болуп саналат.

Бүгүнкү күндө, ИИМ туристтик мезгилге активдүү даярдык көрүп жатат, коомдук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын деталдуу планы бекитилди. Коомдук коопсуздукту  камсыздоого тартылган ИИОнун бөлүмдөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө жүргүзүлөт. Ыкчам-алдын алуу мүнөздөгү иштер жүзөгө ашырылат, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлөт.

ИИОнун 4000ден ашык кызматкерин жана 1000ден ашык ыктыярдуу элдик кошуундарды тартуу мерчемделүүдө. Кезметтердин объекттик жайгаштыруусу курорттук – ден соолукту чыңдоочу мекемелердин жана балдар лагерлеринин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

“Кордай (Казакстан) – Бишкек”, “Манас аэропорту – Бишкек “, “Түндүк айланма жол – Бишкек”, “Бишкек – Балыкчы – Каракол”, “Ош – Бишкек”, “Ош – Чоң-Алай”, “Ош – Баткен”, “Бишкек –Торугарт” унаа жолдорунда көчмө посттор – унаанын борттук номерлерин жана ишеним телефондорун көрсөтүү менен ИИМдин ЖКККББнын кызматтык унаалары коюлат.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого  тартылган күчтөрдү жана каражаттарды тийиштүү координациялоо үчүн курорттук мезгилде Ысык-Көл районунун  Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлөт.

Автотранспорттук колонналарды, расмий делегацияларды жана балдарды эс алуу жайларына жана кайра келүүгө коштоо уюштурулат.

Жол-транспорт кырсыктарын талдоонун негизинде, туристтердин эс алуу зоналарынын жайгашкан жерлерин эске алуу менен, негизги унаа жолдорунда, көчөлөрдө жана калктуу пункттарда, ошондой эле курорттук зоналарга чектеш аймактарда кайгуул посттордун жана каттамдардын бирдиктүү жайгашуусу иштелип чыгат.

ӨКМдин тез жардам унаалары жана куткаруучулары менен биргеликте ИИМдин ЖКККББнын “Бишкек – Нарын – Торугарт”, “Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол”, “Бишкек – Ош” жана “Тоо-Ашуу” ашуусундагы күнү-түнү күзөттөр ишке киргизилет.

Мындан тышкары, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттерине өз убагында бөгөт коюу үчүн туристтик мезгилде Ысык-Көл облусунун ИИБнын кызматтарынын начальниктеринен жана кызматкерлеринен турган офицердик кайгуулдар иши уюштурулат, – деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.