Коом

ИИМ: Карындашын коргойм деп катуу сабалган өспүрүмдүн окуясы министрдин жеке көзөмөлүндө

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өспүрүмгө карата мыкаачылык менен жасалган кылмыштын чоо-жайын аныктоону, аны дыкаттык менен териштирүүнү тапшырып,   иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алды.

Бул факт тыкыр иликтенип, шектүүлөр мыйзамдын чегинде татыктуу жазаларын алышат.

Аталган факт Нарын РИИБдин Тергөө кызматынын  кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Денеге оор залал келтирүү) менен  кылмыш иши козголгон.

Кечээ, 22-июнь күнү кошумча  комплекстүү соттук-медициналык  экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button