Коом

ИИМ: Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 6 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2022-жылдын 6 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылган.

Ички иштер органдарынын бардык ыкчам кызматкерлеринин жөндөлгөн ишинин жардамы аркасында үстүбүздөгү жылдын 6 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынган. Алардын ичинен Кызмат тарабынан  3 тонна 557 килограмм 158 грамм баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  60% га көп.

Алардын ичинен:

— героин- 33 кг 092 гр;

— апийим –7 кг. 730 гр;

— гашиш– 92 кг 108 гр.

— марихуана – 65 кг 143 гр.

— каннабистин өсүмдүгү – 3 кг 655 гр

— психотроптук заттар — 12  кг. 900 гр;

— прекурсорлор –3 тонна 200 килограммга жакын

— чекенди – 142кг;

— башка түрлөрү – 25кг 594 гр.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп  720 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган.

5 интернет дүкөндүн, 2 баңгилик сайттын ишмердүүлүгү бөгөттөлгөн.

Конфискацияланган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун орточо чекене баасы боюнча болжолу менен 3 млрд. 165 млн. 545 миң. 757 сомду түзөт.

Кызматтын начальнигинин орун басары тарабынан Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын оор түрлөрүн алуу, маалыматтык-телекоммуникациялык технолгияларды пайдалануу менен, баңгизат каражаттарды сатууга жана Интернет тармактарыда баңгизаттарга үгүттөөгө карыш күрөшүүнү күчөтүү боюнча бир нече тапшырмалар коюлду.

Кеңешменин жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөгү төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон башкармалыктарга өзгөчө көңүл бурулуп, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертилди, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button