Кыргызстанда апта ичинде COVID-19дун 895 учуру аныкталды

Кыргызстанда бир аптада, 1-августтан 7-августка чейин COVID-19дун 895 учуру аныкталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Чүй облустук санэпидкөзөмөл бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, алардын 628инде коронавирустук инфекциянын белгилери бар, ал эми 67 жаран ооругандар байланышта болгон, ошондой эле 13 адам чет өлкөлөрдөн – Казакстан, Россия жана Беларустан келген.

“Көпчүлүк жарандарда оору жеңил өтүп, алар амбулатордук дарыланууда”, – деп кошумчлады ал.