ДүйнөКоомМаданиятОкуялар

Кыргыз кол өнөрчүлөрү Берлиндеги “Bazaar-Berlin” эл аралык көргөзмө-жарманкесине катышууда

2022-жылдын 2-6-ноябрында Берлин шаарында «Messe Berlin» көргөзмө комплексинде ар жыл сайын болуп туруучу “Bazaar-Berlin” кол өнөрчүлөрдʏн эл аралык ири көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат.

КР ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев бул көргөзмөгө келип, көргөзмө-жарманкеге катышып жаткан кыргыз фирмаларынын ɵкʏлдɵрʏ менен жолугушту.

60 жылдан бери «Bazaar Berlin» кɵргɵзмɵсʏ дүйнө жүзү боюнча кол өнөрчүлүк, дизайн, табигый буюмдар жана коомдук ɵндʏрʏш продукттарынын маанилүү эл аралык соода жарманкеси болуп саналат.

Бул жылы дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан, келген 325 компания катышып, өз продукцияларын көргөзмөгө коюуда.

Көргөзмө-жарманкеде «Тумар», «Kyrgyz Artisans», ошондой эле Евгений Зайберттин фирмаларынын кыргыздын кийизден жасалган буюмдары коюлду.

Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү жасаган улуттук кийиз буюмдарынын көргөзмөсү немис жеринде кыргыз маданияты жана турмуш-тиричилиги тууралуу маалыматты жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бири болуп калды. Кыргызстандын кийиз буюмдары өзүнүн табигый болушу жана сапаттуулугу менен Германиянын жана Европанын тургундарынын арасында таанымал болуп бара жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button